Жүктөлүүдө...
0%
Бардык контент толук жүктөлүп жатат
Бул сайттын тез иштешин камсыз кылат
ЖЕР-ЭНЕ, ЭЛ-БАЛА
Бул көргөзмө — биздин бут алдыбыздагы көзгө көрүнбөгөн дүйнөгө, топурактын жашоосуна саякатка чакырат. Ар бир ууч топуракта миллиондогон жандыктар жашайт. Алар дем алып, дүйнөдөгү бардык организмдер үчүн жашоону жаратат.
Топурак кыргыз маданиятында өзгөчө орунга ээ. Кыргыз эли Жер-Энени ыйык тутуп, аны жашоонун, ырыскынын жана берекенин булагы катары көрүп келген. Топурак — бул тарыхтын да күбөсү. Ал адамзаттын кайгысы менен кубанычын тең бөлүшүп келген.
Көргөзмө искусство, илим жана практикалык ыкмаларды айкалыштырып, адамдардын топуракка болгон аң-сезимин, урмат-сыйын жана камкордугун ойготуу менен аны сактоо жана калыбына келтирүү багытында билимди жана аракеттерди бириктирүүнү максат кылат.
Бул көргөзмөдө сен топуракты жөн гана көрбөбөйсүң, аны тирүүдөй сезе аласың — искусство аркылуу, образдар аркылуу, жанданып турган билим аркылуу.
Кымбат Маратова, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин костюм дизайны факультетинин 2-курсунун студенти
Жерден нур сымал ааламга карай кыргыз макалдары агылып жаткандай. Бул поэтикалык инсталляция – кыргыз элинин жерге байланыштуу, аны ырыскынын булагы катары сыпаттаган макалдарынан түзүлгөн тасмалар. Ар бир макал – ата-бабалардын үнү, адам менен жердин түбөлүктүү байланышын эскерткен чакырык. Инсталляция өзүңүздү тыңшап, жерди тирүү организм, багып-өстүргөн эне катары урматтоого жана ыраазычылык билдирүү үчүн атайын мейкиндикти түзөт.
Нургиза Турдалиева, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Костюм дизайны факультетинин 2-курсунун студенти
Жогорудан ылдый агып түшүп жаткан кездемелер нур же жамгырдын агымындай көрүнөт. Алардын бетинде аял баласына алма сунуп жаткан символдук көрүнүш чагылдырылган. Бул жөнөкөй сүрөт терең мааниге ээ: Жер эне адам баласын азыктандырат, коргойт жана кам көрөт. Аялдын колундагы алма – табигаттын белеги, жердин мөмөсү. Ал муундан муунга өтүп жаткан аманат сымал. Кездемелердин шамалга термелиши дем алгандай, жашоо менен тынчтыктын, жылуулуктун таасирин жаратат. Бул ыраазычылык жөнүндө инсталляция, эне менен баланын, адам менен жердин байланышы жөнүндө баяндоо.
Алтынай Эрнисбек кызы, Сезим Алмазбекова, Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин архитектура жана дизайн институтунун кийим дизайны факультетинин 2-курс студенттери



Бул үчилтик жердеги жашоонун жаралуудан тартып, береке-молчулукка чейин табигый айлануусун чагылдырат. Биринчи бөлүгүндө топурактын тереңинде уктап жаткан үрөндөрдүн ойгонууну күтүп жатышкан абалы көрсөтүлгөн.Экинчи бөлүгүндө – жаратылыштын жашоого болгон умтулуусун билдирген өсүүсү жана гүлдөөсү берилген. Үчүнчү бөлүгүндө болсо, мөмө-жемиштер, түшүм жана тамак-аш адамдын эмгеги, убакыт жана жер менен болгон өз ара байланышынын натыйжасы катары көрсөтүлгөн. Бул чыгарма бардык тирүүлөрдү багып турган тирүү жандык катары жерге болгон терең урматтоону чагылдырат жана адамзат менен жаратылыштын ажырагыс байланышын эске салат.
Зарина Назар, Графикалык дизайнер, сүрөтчү
Биздин бутубуздун астында тирүү дүйнө бар. Караңгы менен жарык, нымдуулук менен аба анын тамырларында ширелишет. Ал ар бир үрөндү, ар бир көлөкөнү, ар бир демди унутпайт.Топурак баардык тирүү жандар үчүн унчукпай согуп турган жүрөк. Ал жүрөк туюп сезгендер үчүн согот. Сез, туй… Биз жер бетиндеги убактылуу конокпуз жана анын бизден кийин келгендер үчүн ырдоосу же үндөбөй калуусу биздин колубузда.
Адеми Раимбекова, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Костюм дизайны факультетинин 2-курсунун студенти
Аял затынын образы жердин символу катары берилген. Кездеме калдыктарынан жасалган чачы чыгармага кооздук берип турат. Таштандылардан турган дене – адамзат табиятты бузуп жатканынын метафорасы, бирок жер дагы эле өз формасын сактап турат. Инсталляция пластик көйгөйүн козгойт.
Чолпон Жамалова, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Костюм дизайны факультетинин 2-курсунун студенти
Бул инсталляция адамзат тандап жаткан жол жөнүндө баяндайт: жашоо же кыйроо, жаратмандык менен табиятты жоготуу ортосундагы ичке чек жөнүндө. Экспонатта адамдын башы жердин метафорасы катары көрсөтүлгөн. Баштын бир тарабында – бүрдөгөн бутактар, жалбырактар жана ачылган гүлдөр. Алар өсүүнү, жашоону, табият менен болгон гармонияны символдойт. Экинчи тарабында – кыйылган дарактын орду, табиятты жок кылуунун, жоготуунун жана андан алыстоонун образы. Бул чыгарма суроо коёт: адамдын оюнда эмне бар? Биз жаратып жатабызбы же кыйратып жатабызбы? Бул токойлор үчүн, жер үчүн, келечек үчүн жоопкерчилик жөнүндө ой жүгүртүү. Адамдын башын ой жүгүрткөн жер катары алып, автор көрүүчүгө адам менен табият ажырагыс экендигин сезүүнү сунуштайт. Ар бир дарак – бул ой сыяктуу: аны өстүрсө болот же жок кылса болот. Инсталляция айыптоо эмес, аң-сезимдүү болууга чакыруу.
Сиздин алдыңызда маанилүү айлампанын визуалдык баяны. Баары жөнөкөй органикадан башталат: түшкөн жалбырактар, ашкана калдыктары, орулган чөп. Бул таштанды эмес, бул жаңы жашоонун башаты. Нымдуулук, аба, микроорганизмдер жана убакыттын таасири менен бул органикалык заттар кара топуракка айланат, ал жумшак, майлуу, борпоң болот. Ал эми андан өсүмдүктөр керектүү азыктарды, энергияны алышат. Бул айлампа – жаратылыштын жүрөгү. Ал бизге эч нерсе жөндөн жөн эле жоголбогонун жана ар бир бөлүкчө жаңы жашоонун негизи болуп калуу ыктымалдыгын үйрөтөт. Бул процессти түшүнүү жерге болгон мамилебизди өзгөртөт: ал тирүү, ал эсине тутат, ал азыктандырат.

Сиздин алдыңызда – пермакультура принциптерин өз аймактарында үйрөнүп, ишке ашырып жаткан адамдардын портреттери. Бул жөн эле сүрөттөр эмес – булар күнүмдүк жана туруктуу эмгектин жандуу тарыхтары. Бул адамдардын ар бири биздин долбоордун алкагында билим алып, жашоосуна туруктуу тажрыйбаларды киргизе башташкан:
• Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу
• Экологиялык тең салмактуулукту жана био ар түрдүүлүктү коргоо
• Тамак-аш коопсуздугун тамактануунун ар түрдүүлүгү аркылуу камсыз кылуу
• Жергиликтүү коомчулуктарды экономикалык жактан колдоо
Алар жөн эле өсүмдүк өстүрбөйт, алар адам менен жердин, азык-түлүк менен адамдардын, күнүмдүк турмуш менен келечектин байланышын калыбына келтиришет. Бул галерея – алардын жаратмандыгына, жерге болгон сүйүүсүнө жана туруктуу келечек үчүн өзгөрүүгө болгон даярдыгына ыраазычылык жана таазим кылуу. Алар жер дарыгерлери. Рецепт ордуна: компост, сидераттар, био ар түрдүүлүк жана кам көрүү. Кабыл алуу кабинеттин ордуна: огород, талаа, үйдүн короосу. Алар топуракты чарчоодон айыктырышат, экосистеманы калыбына келтиришет жана топуракка кайрадан жашоо тартуулашат. Алардын ар бир аракети дарыдай: максаттуу, таамай жана тирүү. Алар жөн гана өстүрбөстөн, кам көрүшөт, калыбына келтиришет. Алар жаратылышты ресурс эмес, өнөктөш катары кабыл алган жолду тандашты, ошондуктан, алар топурактын чыныгы дарыгерлери.




Бактыгуль Капалова, Арт-куратор
Сиздин алдыңызда топурак үчүн символикалык дары кутусу. Капсулалардын, пилюлалардын жана таблеткалардын бетинде топуракты сактап калуунун жана айыктыруунун чыныгы жолдору жазылган. Бул экспонат жерди каралбай калган оорулуу сыяктуу кароого чакырат. Ар бир «таблетка» ойдон чыгарылган эмес, топурактын ден соолугун калыбына келтирүүгө багытталган чыныгы жол. Качан гана адам жаратылыштын душманы эмес, бир бөлүгү болууга чечим кабыл алганда гана топурак айыгат.
Саира Юсупова, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл университетинин костюм дизайны факультетинин 2-курсунун студенти
Азыркы мезгилдеги жердин эки тараптуулугун көрсөткөн панно. Бир тарабы карарган жана катуу, ал айрылган күңүрт кездемелерден, пластиктин кесиндилеринен жана жасалма таштандыдан жасалган. Ал тарабы топурактын кыйналгандыгы, булгангандыгы жана бузулгандыгы тууралуу айтып жатат. Албетте, буга адам себепкер. Экинчи тарабында ачык жана тирүү, жумшак жана булуттай болгон жүн, ичке жип менен бастырылган сууну тамчылары, бутактар көрсөтүлгөн. Паннонун бул тарабы кам көрүлгөндүктү, жаратылыш гармониясын айгинелейт. Эки дүйнө бир чыгармада кошуна болуп жайгашкан, алар көрүүчүнү ойлонууга чакырат. Ал эми сиз кайсы тарапты колдойсуз, кайсы тарапты тандайсыз? Бул жөн гана визуалдуу образ эмес, бул этикалык күзгү, ага ар бир адам карануусу керек.
Алия Эдилова Костюм дизайны кафедрасынын окутуучусу, сүрөтчү-модельер, Евразия дизайнерлер союзунун жана Казакстандын этно-дизайнерлер союзунун мүчөсү
Күзгү чоподон жасалган рельефтүү алкак менен курчалган. Адам өзүн күзгүдөн карап жатып, өзү менен гана эмес, жер менен дагы бетме-бет турат. Жерге таштаган таштандың өзүңдү булгаганың болуп эсептелет. Топуракка болгон кайдыгерлик өз денеңе, өз түп-тамырыңа, жашооңо болгон кайдыгерлик.
Саира Юсупова, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл университетинин костюм дизайны факультетинин 2-курсунун студенти
Бюст тирүү жердин курмандыкка айланган метафорасы. Шприцтер бүгүнкү күндүн зомбулук куралы. Бул жөн гана көркөм объект эмес, бул азапты күбөлөндүргөн дене. Көрүүчү үнсүз, бирок ичинен кыйкырып жаткан дене менен бетме-бет келет.
Зарина Назар, Графикалык дизайнер, сүрөтчү
Бул көрүнбөгөн согуш жөнүндө интерактивдүү инсталляция. Тирүү, жылуу, берекелүү топурак. Муздак, таамай тийген, химиялык таблетка. Бул талаада эки дүйнө кагылышып жатат: жаратылыш жана көзөмөл, органика жана синтез. Оюнчу бир тарапты тандайт. Жүрүш жасайт. Ар бир партия тагдыр сыяктуу: бир жагдайды утуп алууга болот, бирок келечекти уттуруп алуу мүмкүн. Бул жөн гана оюн эмес, бул биздин чечимдерибиздин күзгүсү.
Биз турган жер — биздин күзгүбүз. Ар бир топуракта убакыттын деми сакталган. Жер да сүйлөйт, уксаң болот.
Зарина Назар, Графикалык дизайнер, сүрөтчү
Биз жерди жөн гана басып жүргөн мейкиндик катары гана кабыл алабыз. Бирок кадамыбыздын алдында жашыруун бир дүйнө бар, ал дем алат, өсөт, жана бүткүл тирүүлүктү багат. Бул падышалык жомок эмес, биз көп байкай бербеген чыныгы дүйнө. Инсталляциядагы топурак жөн гана топурак эмес, жашоого толгон организм экенин көрсөтөт. Анын ичинде миллиондогон көзгө көрүнбөгөн жандыктар жашайт. Алар жашоону сактап, тазалап, азыктандырып, бүт жаратылышты бирдиктүү экосистема кылып туташтырып турушат. Алардын эмгеги билинбейт, бирок биздин абабыз, тамагыбыз жана келечегибиз дал ошолордон көз каранды. Биз ушул чыгарма аркылуу ар бир кадамды кимдир бирөөнүн үйүнүн үстүндө басаарыбызды эскертели дедик. Эгер биз бул дүйнөнү жок кылсак, өзүбүздү да жок кылабыз. «Жер астындагы падышалык» - бул көзгө көрүнбөгөндү көрүүгө жана жердин тирүү экенин сезүүгө чакыруу.
Райна Кадыркулова, Т. Садыков атындагы көркөм колледжинин Чөйрөнү декоративдүү көркөмдөө факультетинин 2-курсунун студенти
Чыгармада микориза чагылдырылган, ал көмүскөде, аны эч ким көрө албайт, бирок ал абдан маанилүү, анткени ал жок өсүмдүктөр жана экосистема жок болмок. Микориза тынч жана терең жашоосунда жүрөт, ал өзү сыяктуу көптөгөн жандыктардай эле топуракта жашайт.
Аяна Бейшембекова, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин костюм дизайны факультетинин 2-курсунун студенти
«Топурак организмдери – түшүмдүүлүктүн архитекторлору» – бул бир нече арт-объекттерден турган чыгарма. Бул образдар – топуракта жашаган, көзгө көрүнбөгөн, бирок жашоо үчүн абдан маанилүү болгон жандыктардын көркөм интерпретациясы: курттар, курт-кумурскалар, бактериялар, козу карындар. Алар жердин астында эмгектенген, жашоонун айланма процессин камсыздаган өзгөчө куруучулар катары сүрөттөлгөн. Биз көбүнчө бут алдыбыздагы көрүнбөгөн, бирок негизги ролду ойной турган экосистемага көңүл бурбайбыз. Ал экосистема – жердеги жашоону сактап турууга ар бир жандыктын салымы бар бир бүтүн дүйнө.


Сиздин алдыңызда эки түрдүү - майлуу жана кунарсыз топуракты көрүүгө мүмкүн болгон тунук идиш турат. Сол жакта – активдүү, кам көрүлгөн топурак. Ал тамырларга, бүчүрлөргө, сөөлжандарга жана микроорганизмдерге бай. Бул топурак дем алып, азыктанып, кыймылдап, өсүмдүккө күч берип, жашап жатат: Оң жакта – өзүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн жоготкон топурак. Ал өлүккө окшоп, кыймыл жок, жашоо жок, өсүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Бул экспонат сизге бутуңуздун алдындагы микро дүйнөгө көз чаптырууга мүмкүнчүлүк берет, жер катмарындагы тирүү экосистема кандай болорун жана ал жоголгондо эмне болорун көрсөтөт. Топурак – бул тирүү организм. Бул ачык-айкын салыштыруу аркылуу биз сизди ойлонууга чакырабыз: «Жерди камкордук менен багуу» деген эмне? Топуракты эмне тирүү кылат, ал эми аны эмне жок кылуусу мүмкүн?
Зарина Назар, графикалык дизайнер, сүрөтчү
Бул панно аралаш техникада аткарылган жана топурактын жашоонун негизи экенине арналган. Жанындагы бөлүктөрүндө ар түрдүү түстөгү кездемелердин бөлүктөрү колдонулган. Алар топурактын катмарларын жана ар түрдүүлүгүн чагылдырат: берекелүү жана жумшак топурактан баштап, таштуу жана кургак топуракка чейин. Бул «топурак бөлүктөрү» бир бүтүн мозаикага бириктирилип, жаратылыштын күчү ар кандай элементтердин биригишинен жараларын көрсөтөт. Борбордук бөлүгү өсүштү символдоштурат: топурактан өйдө көтөрүлгөн спиралдуу сызыктар тамырларды, сабактарды жана энергия агымдарын элестетет. Бул — топурактын бардык тирүү жандыктарга берген жашоо күчү. Спиралдар түбөлүктүүлүктү, айланма жашоону билдирет: топуракка кеткен нерсе кайра жашоого кайтып келет. Ошентип, бул иш топуракты "өлүк катмар" катары эмес, экосистеманын тирүү организми жана келечекке энергия булагы катары көрсөтөт.
Ар бир ууч топурактын ичинде көрүнбөгөн жашоо кайнап турат. Микроскоп менен караганда бүтүндөй аалам жанданып чыгат: бактериялар, козу карындар, жөнөкөйлөр, актиномицеттер, нематоддор жана микроскопиялык балырлар дем алып, чиритип, бириктирип, жашоону тирилтип турган татаал экосистеманы түзөт. Бул майда жандыктар – көзгө көрүнбөгөн мээнеткечтер. Алар болбосо, өсүмдүктөр да, түшүм да, жашоо да болмок эмес. Алар органиканы чиритип, гумус жаратат, тамырларды оорулардан коргойт, симбиотикалык байланыштарды түзүп, өсүмдүктөр менен топуракты бир бүтүн организмге айландырат.

Калдыктарды чиритип, жаңы азык заттарды түзөт жана топурактын ден-соолугун сактоого жардам берет.

Органикалык калдыктарды чиритип, топуракты байытып, өсүмдүктөрдү оорулардан коргойт.

Топуракты байытып, өсүмдүктөрдүн өсүшүн жакшыртат жана оорулардан сактайт.

Органикалык калдыктарды чиритип, азык заттарды бөлүп чыгарат жана өсүмдүктөрдүн өсүшүн тездетет.

Өсүмдүктүн тамырында түйүнчө түзүп, абадагы азотту топуракка өткөрүп берет. Топуракты азот менен байытып, буурчак өсүмдүктөрүнө азык берет.

Топуракта жашап, органикалык калдыктарды чиритет. Табигый антибиотиктерди чыгарып, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден жана оорулардан коргойт.

Козу карындар менен өсүмдүктөрдүн тамырларынын өз ара биримдиги. Тамырлар азыктарды жана сууну жакшыраак сиңирет, ал эми козу карындар өсүмдүктөн энергия алат.

Органикалык калдыктарды чиритип, топурактын ден соолугун жакшыртат.

Айрым түрлөрү зыяндуу, башкалары топуракты тазалап, өсүмдүктөргө жардам берет.

Козу карындар менен калдыктарды жеп, топуракты байытат.

Органикалык заттарды майдалап, топурактын түзүлүшүн жакшыртат.

Топуракты жумшартып, абаны жана нымды жакшы өткөрөт.

Органикалык калдыктарды ташып, топурактын айлануусуна жардам берет.

Нымдуу шартта жашайт, өсүмдүктөрдү жеп зыян келтириши мүмкүн.

Топуракты аралап, азыктарды таратып, экосистемага жардам берет.

Нымдуу жерде жашап, өсүмдүктөрдү жеп зыян келтириши мүмкүн.

Топуракта жашап, органикалык калдыктарды жана майда организмдерди жейт.

Бир клеткалуу жандык. Псевдоподиялары менен кыймылдап, бактерияларды жана органикалык калдыктарды жейт.

Органикалык калдыктарды чиритип, топурактын түзүлүшүн жакшыртат.
Бактыгуль Капалова, Арт-куратор
Бул инсталляция ар кандай себептер менен мекенинен алыста каза болгон адамдарга арналат. Кыргыз маданиятында терең символикалык салт бар: эгер адам өз жеринен алыс жерде жерге берилсе, анын жакындары мүрзөсүнө мекенинен бир ууч топурак алып барып салышат. Бул ууч топурак адамдын туулуп-өскөн жери менен болгон руханий байланышынын белгиси. Инсталляциядагы түйүнчөктөр адам менен жердин ортосундагы ыйык байланышты, мекендин түбөлүктүү маанисин, байланышты жоготууну жана бул байланышты кайрадан калыбына келтирүү күчүн символдоштурат.
Бактыгуль Капалова, Арт-куратор
Топурактын катмарларындагы археологиялык табылгалар. Ар бир катмардын ичинде адамдын изи бар: тыйындар, эмгек шаймандары, зер буюмдар, ал эми идиштердин сыныктары археологиялык эстеликтерден эң көп кездешкен табылгалардын бири. Алардын жардамы менен окумуштуулар топурактын катмарынын жашын, маданиятын, стилин, идиш-аяк же башка буюмдардын жасалыш технологиясын жана соода байланыштарын аныкташат. Бул издер тарыхты үнсүз баяндайт: жашоо, эмгек, ишеним, турмуш жана жашоодон кетүү тууралуу. Археология жердин үнүн угууга жардам берген илим. Жер астындагы буюмдун эң майда бөлүкчөсү дагы өткөн мезгил тууралуу айтып бере алат.
Бул көргөзмө «Эл-Тоо» коомдук уюму жана CAG (Central Asia Solidarity Groups) тарабынан уюштурулуп, SIANI (Swedish International Agricultural Network Initiative) тарабынан колдоого алынган. Көргөзмөдө айтылган ойлор жана пикирлер «Эл-Тоо», CAG же SIANI уюмдарынын расмий көз карашын милдеттүү түрдө чагылдырбайт.
.webp&w=3840&q=75)
.webp&w=3840&q=75)

Көргөзмөнүн уюштурулушуна жана ишке ашуусуна салым кошкон бардык сүрөтчүлөргө, катышуучуларга, өнөктөштөргө жана ыктыярчыларга терең ыраазычылык билдиребиз!
Арт-куратор: Бактыгүл Капалова
Эркин сүрөтчүлөр: Зарина Назар жана Алия Эдилова